Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Янукович Киевдеги сотто видео аркылуу суракка алынат


Виктор Янукович
Виктор Янукович

Бозгундагы мурдагы украин президенти Виктор Янукович Киевдеги сотто күбө катары видео байланыш аркылуу суракка алынары күтүлүүдө. Бул соттук процессте 2014-жылы демонстранттарга ок чыгарды деп айыпталган беш полиция кызматкеринин иши каралууда.

Азыр Орусияда жашап жаткан Янукович өткөн жума күнү көрсөтмө бермек. Бирок “Оңчул сектор” кыймылынын мүчөлөрү айыпталуучуларды сотко алып келүүгө жолтоо болушкан.

Массалык киши өлтүрүүлөр боюнча айыптар тагылган Януковичтин сот жообуна тартылбай, күбө катары көрсөтмө беришине көпчүлүк украиналыктар нааразылыгын билдиришүүдө. 2013-жылдын соңунда башталган “Евромайдан” демонстрациялары маалында жүздөн ашык адам окко учкан.

XS
SM
MD
LG