Кубалыктар революциялык лидер Фидель Кастронун урматына бир катар иш-чараларды уюштурганы жатышат. Өлкөнү дээрлик элүү жылдай башкарган Кастро 25-ноябрда 90 жашында дүйнөдөн кайткан. Буга байланыштуу Кубада тогуз күндүк аза күтүү жарыяланган.
Жекшемби күнү Гавана университетинин студенттери чогулуп, Кастрону эскеришти. Түрмөгө кесилген диссиденттердин аялдарынан куралган топ баш калаадагы акциясын өткөрүүдөн баш тартышты. Топтун лидери Берта Солер адамдын өлүмүн майрамдабоону чечишкенин билдирди.
Бирок Кубадан качып чыгып, АКШда отурукташып калган кубалыктар дем алыш күнү Фидель Кастронун өлүмүн майрам катары белгилешти.