Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Талас шаарындагы диний окуу жайларындын ишмердигин текшерип жатат. Муфтияттын Диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Замир Ракиев салттуу исламдын негиздери боюнча окутулуп жаткан сабактарга көзөмөл жүргүзүүдө.
Ошондой эле облустагы молдолор менен жолугуп, аттестациядан өтпөгөн имамдардын документтерин тактап, тийиштүү эрежелерди сактоого тапшырма берди. Муфтияттан кабарлашкандай, мечиттерди каттоого алып, тургундардын туура эмес агымдарга азгырылбоосуна көз салууну буйруду.
Ушул сыяктуу текшерүү иштери эки апта мурун Ошто казыят тарабынан уюштурулган. (SE)