Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

КСДП шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу эскертүү алды


Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Социал-демократтар партиясына үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин бузганы үчүн эскертүү берди. Аталган партия Юнусалиев жана Сухэ Батор көчөлөрү кесилишкен аймакка илген жарнамасында анын нускасын жана чыгарылган күнүн жазган эмес. Мындан улам аларга эскертүү берилгенин Аймактык шайлоо комиссиясы кабарлады.

Мыйзам боюнча, үгүт материалдарында анын буйрутма берүүчүсүнүн аты-жөнү, жарнаманын нускасы жана чыгарылган күнү так көрсөтүлүшү керек.

XS
SM
MD
LG