Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан чоң имараттардын бири ушул тапта өрттөнүп жатат. “Глобус” супермаркети жайгашкан аймактагы өрт адамдардын турак-жайларына жакын жерде тутанган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “мектеп күйүп жатканы” тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.
Эртең менен саат 8:40тарда башталган "тилсиз жоого" каршы 3 өрт өчүрүү унаасы иштеп жатат. Келтирилген зыян жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.
Бишкектеги ири имараттарда жана соода жайларында соңку кездери улам-улам өрт чыгып жатат. Ага техникалык коопсуздук эрежелерин бузуу себеп экени айтылууда.