Ала-Бука районунун борборунда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери эмгектенип жаткан имарат 3 жыл мурун авариялык деп жабылганына карабай иштеп жатат. Эски имаратта психиатрия, хирургия, тиш дарылоо, рентген жана лаборатория бөлүмдөрү бейтаптарга кызмат көрсөтөт.
Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Канжарбек Таиров “Азаттык” радиосуна билдиргендей, башка жерде ылайыктуу имараттын жоктугунан дарыгерлер аргасыз кооптуу жайда иштешет. Жаңы имарат куруу маселеси 2010-жылдан бери көтөрүлгөнү менен өкмөт тарабынан чечилбей жатат, - деди Таиров.
1960-жылы курулган имаратта 60ка чукул дарыгерлер иштеп, райондун борборунда жашаган 50 миңге жакын калкка кызмат көрсөтөт. (RsK)