Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Таш-Көмүрдө 3 милиция кызматкери соттолду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн 3 кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин "Зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу алдында, курал же атайын каражаттарды колдонуу менен кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренеси менен күнөлүү деп табылып, Кара-Көл шаардык сотунун 22-ноябрдагы өкүмү менен баары 6 жылга эркинен ажыратылды. Үчөө тең жазасын күчөтүлгөн тартипте өтөө жагы белгиленген.

Сот өкүмү 10 күндөн кийин күчүнө кирет жана милиция кызматкерлери азырынча облустук сотко кайрылары белгисиз. Облустук соттун басма сөз кызматынан “Азаттык” радиосуна билдиргендей, прокуратура козгогон бул ишти алгач Таш-Көмүр шаардык соту карап, кийин Кара-Көл шаардык сотуна жиберилген.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын декабрь айында Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар 12 шаарчасынын 21 жаштагы тургуну Анарбек уулу Эсенбайды милиция уурулукка шектүү катары кармап, ички иштер бөлүмүндө кыйноого алып күнөөсүн мойнуна алдырышкан. Кийин сот айыпталуучунун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөн соң Анарбек уулу ур-токмокко кабылганын айтып, облустук прокуратурага кайрылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG