Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:45

Черногория парламенти НАТОго кирүүнү көздөгөн өкмөттү бекитти


Черногория.

Парламент 28-ноябрда көпчүлүк добуш менен мурунку премьер-министр Мило Жукановичтин шакирти Душко Маркович башында турган өкмөттү жактырды. Ал 2017-жылдын аягына карай Черногория НАТОнун мүчөсү болуп калат деп убада берди. Черногориянын НАТОго мүчө болуусуна Орусия каршы болуп, парламенттик шайлоо алдында улутчулдар тарабынан төңкөрүш уюштуруу аракети жасалганы кабарланган.

Маркович жетектеген Социалисттик партия Социал-демократтар менен альянска барып, 81 орундуу парламентте 41 депутаттын колдоосуна ээ болду. Оппозициялык депутаттар 28-ноябрдагы добуш берүүгө бойкот жарыялашты. (AiT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG