Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

“Алканов” базарында чатыр оңдоо иштери жүрүп жатканда кулаган


Базар
Базар

Бул тууралуу “Алканов" базарынын вице-президенти Чыңгыз Алканов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, кар көп жааганына байланыштуу чатырларды оңдоо, алмаштыруу иштери жүргүзүлөрү тууралуу сатуучуларга алдын ала маалымдалган. Бирок айрым ижарачылар соодасын токтотпой, уланта беришкен. "Ошентсе да жабыркагандарга “Алканов" базарынын администрациясы бардык керектелүүчү дары-дармек, каржаттарды төлөп берет" деп билдирди Чыңгыз Алканов.

29-ноябрда “Дордой” базарынын аймагында жайгашкан “Алканов" базарында чатыр кулап, беш адам катуу жаракат алган. Алар учурда шаардык №4 ооруканасынын реанимация бөлүмүндө дарыланып жатышат. Жабырлануучулардын экөө ижарачылар, калгандары соода кылганы келгендер. Булардын бири Казакстандын жараны экени айтылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG