Борбор калаадагы № 6, 12, 22, 28, 40, 57 жана №79 орто мектептерде балдардын катышы 30% төмөн болууда. Буга байланыштуу аталган жети мектеп сасык тумоо оорусуна байланыштуу дүйшөмбүгө чейин ишин токтотту. Бул тууралуу шаардык саламаттыкты сактоо департаментинен “Азаттыкка” маалымдашты. Кабарда айтылгандай, 2-декабрда мэриянын алдындагы координациялык комитет менен чогуу мектеп, бала бакчалардагы сасык тумоону алдын алуу чаралары талкууга алынат.
Апта башынан бери Бишкектеги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан шаардагы 34 мектептеги окуучулардын абалына, сабакка катышына мониторинг жүргүзүлгөн. Мониторинг мектеп, бала бакчаларда, ооруканаларда жана үй-бүлөлүк медициналык борборлордо ушу тапта улантылууда.(BCh/ZKo)