Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:25

Улуттук гимназиядан окуучу уурдоо аракети болгон эмес


Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги таратты. Анда айтылгандай, Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназиянын күзөт кызматы жаңы окуу жылынан тарта күчөтүлгөн негизде иштеп келет. Мектептеги эки кароолчунун бири мектеп короосунун ичиндеги, экинчиси болсо сыртындагы коопсуздукту карайт. Мектеп мугалимдерине дайыма балдарды, өзгөчө кичүү класстардын окуучуларына ата-энелеринин гана колуна бергиле деген эскертүүлөр айтылып турат деп жазылган билдирүүдө.

Социалдык тармактарда Бишкектеги №5 гимназияда 25-ноябрь күнү бала уурдоого аракет болгону тууралуу маалымат тараган. Маалыматты өзүн аталган гимназияда "жетекчинин окуу тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштейм" деген Гүлнара Кассеновна аттуу адам ватсап аркылуу ата-энелердин топторуна жибергени айтылган.

Билим берүү жана илим министрлиги №5 мектепте мындай аттуу завуч жоктугун, Гүлнара Кассеновна аттуу мугалим Бишкектин бир да мектебинде иштебесин кошумчалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG