Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

ЕБ Астананы соттолгон эки активистти бошотууга чакырды


Талгат Аян жана Макс Бокаев сотто.
Талгат Аян жана Макс Бокаев сотто.

ЕБ Астананы жер реформасына каршы чыккан эки адамды бошотууга чакырды.

Казакстандын Атырау шаардык соту жерди чет өлкөлүктөргө көп жылдык ижарага берүүгө каршы чыккан активисттер Талгат Аян жана Макс Бокаевди социалдык араздашууну козуткан, жалган маалымат тараткан жана тынч жыйындар боюнча мыйзамды бузган деп таап, 28-ноябрда беш жылдан эркинен ажыраткан. Европа Биримдигинин 30-ноябрда жарыялаган билдирүүсүндө активисттерди абакка салуу “Казакстандын эркин пикир билдирүү жана тынч жыйын өткөрүү боюнча эл аралык милдеттенмелерине каршы келери” белгиленген. Билдирүүдө Астананы сөз эркиндигин жана тынч жыйын өткөрүү укугун камсыздоо чакырыгы айтылган.

Талгат Аян жана Макс Бокаев алар саясий себептерге байланыштуу кесилип жатканын билдирген. Алар апрель айында Атырауда жер реформасына каршы митингде кармалган. (AiT)

XS
SM
MD
LG