Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Орусияда жаңы экономика министри дайындалды


Максим Орешкин
Максим Орешкин

Президент Владимир Путин Максим Орешкинди экономикалык өнүктүрүү министрлигине дайындады. Бул тууралуу 30-ноябрда маалымат каражаттары кабарлады. 34 жаштагы Орешкин 2015-жылдан бери каржы министринин орун басары болуп иштеп келаткан. Мурунку экономика министри Алексей Улюкаев "Роснефть" компаниясынан 2 млн. доллар пара сурады деп эки жума мурун кармалып, үй камагына алынган. Улюкаев айыптоону четке каккан. Ал 2013-жылдан бери экономика министри болуп келаткан. (AiT)

XS
SM
MD
LG