Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Президенттик шайлоо 2017-жылы октябрда өтөт


Мындай билдирүүнү Алмазбек Атамбаев бүгүн журналисттер алдында жасады. Президент шайлоо эки айлампа менен, тынч өтөт деп үмүттөнөт:

-Эл кимди шайлайт, мен билбейм. Бирок айрым адамдар эски адаты менен добуштарын сатууга барышат.

Алмазбек Атамбаев референдум – парламенттик демократияга кадам таштоо деп белгиледи.

-Келерки президенттик шайлоого катышам дегендерди карап туруп, референдум зарыл экенин түшүнөсүңөр. Менимче, өлкөнүн келечеги корголуу болгону жакшы. Алдыдагы референдум эч кимге мамлекетти артка буруусуна жол бербейт.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтөт. Ага парламенттеги айрым фракциялар каршылыгын билдиришкен. (UEz/ZKo)

XS
SM
MD
LG