Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

Текебаев: Атамбаев реалдуу турмуштан алыстаганын көрсөттү


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, президент Алмазбек Атамбаев акыркы билдирүүлөрү менен реалдуу абалдан алыстап кеткенин көрсөттү

- Атамбаев биздин аракетибизди доктор Апастын пикири менен салыштырып жатат. Ал муну менен доктор Апастан айырмасы жок экенин жана реалдуу дүйнөдөн кыйла алыстап кеткенин көрсөттү, - деди Текебаев.

"Ата Мекендин” лидери президент Атамбаевге импичмент жарыялоого толук негиз бар экенин белгилеп, бул маселе убагы келгенде парламентте караларын кошумчалады

- Импичменттин реалдуулугу саясий кырдаалдан, Атамбаевдин ошол жагдайды түшүнө билишинен көз каранды. Ал бүгүн реалдуулукту түшүнбөй, келекелеп күлүп жатат, кырдаал өзгөргөндө кандай сүйлөрүн биз көрөбүз, - деди Өмүрбек Текебаев.

Текебаев президент Кой-Таштагы жерди мыйзамсыз алганын дагы бир жолу эскертип, экономика начарлап, эл оор абалда жашап жатканда өтө чоң үй салганын “көпкөндүк” катары баалады.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Текебаевдин импичмент жарыялоо демилгесине маани бербей турганын билдирген эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG