Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Атамбаев: "Белизгейт" тастыкталбаса Сегизбаев жоопко тартылат


"Муну өзү да билет", - деди президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында.

Мамлекет башчы бул жерде кылмыш ишин козгоо тууралуу эмес, түшкөн маалыматтарды текшерүү жөнүндө сөз болуп жатканын айтып, бул боюнча иликтөөнү толук жүргүзүүгө күч органдарына убакыт берүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартууда жасалма документтерди пайдалануу менен мыйзам бузуу аныкталганын эскертип, ар ким кылган иштери үчүн өзү жооп берүүгө тийиштигин билдирди.

Атамбаев 2010-жылы мародерчулук болгонуна да ишенет:

- Беш жыл мурун эч нерсеси жок киши кокустан эле мультимиллионер болуп кала албайт да, - деди президент.

14-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Белиз өлкөсүнөн алган документтерге таянып, оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” 50 пайыз акциясын сатууга аракеттенген деген маалымат тараткан. Эл өкүлдөрү муну жасалма документтердин негизиндеги каралоо деп сыпатташат. (UEz/ZKo/AKu)

XS
SM
MD
LG