Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

“Орус премьерасы” өтүп жатат

Федор Достоевский.
Федор Достоевский.

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында  Фёдор Достоевскийдин 195 жылдыгына арналган театралдык фестиваль өтүп жатат. "Орус премьерасы" деп аталган кароо-сынакка Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын мектеп окуучулары катышууда. Иш-чара бүгүн кечинде жыйынтыкталат. 

Маалым болгондой, “Орус премьерасы” фестивалы орус адабиятынын драматургдарына, театрдын жаңы, заманбап өнүккөн формасына коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган. Иш-чаранын максаты - орус-кыргыз театралдык мейкиндигинин биримдигин чыңдоо.

Аталган фестиваль быйыл үчүнчү жолу уюштурулууда. Ага мектептерден 15 театралдык жамаат катышат. Былтыр бул маданий иш-чара Анто́н Че́ховдун 155 жылдыгына карата өткөрүлгөн. (ZA)

XS
SM
MD
LG