Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Нью-Йоркто көчөдөн өтүп бараткан киши бир чака алтынды уурдап кеткен


Алтын (иллюстративдик сүрөт).
Алтын (иллюстративдик сүрөт).

Автоунаадан алтын салынган идишти эки ай мурун инкассаторлордун алешемдигинен пайдаланып, белгисиз бирөө көтөрүп кеткен. Аны полиция издөөдө.

Полиция тараткан видеотасмада кырдаалдан пайдаланып, бир чака алтынды инкассаторлор алдынан көтөрүп кеткен эркек киши тартылган. Окуя 29-сентябрда Манхеттендеги Рокфеллер борборунда болгон. Андан бери полиция аны кармай албай, жарандарга жардам сурап кайрылды.

Полициянын маалыматы боюнча, изделип жаткан адам 50-60 жаштагы латынамерикалык. Ал Флорида штатына кеткен деп шектелүүдө. Идиште 39 киллограмм алтын болгон. Анын баасы 1,6 млн. доллар деп эсептелүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG