Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:26

Орусия президенти жылдык кайрылуусун жасады


Президент Путин маалымат жыйында, 1.12.2016
Президент Путин маалымат жыйында, 1.12.2016

Владимир Путин 1-декабрда Орусия парламенти жана өкмөтүнүн биргелешкен жыйынында кайрылуу жасап, экономика, социалдык маселелер жана ички саясатка көңүл бөлөрүн билдирди. Президент кыйынчылыктарды жеңип чыгууга Орусия даяр экенин айтып, жогорку технологиялык медицина, демография жагынан алдыга жылуулар бар деди. Ошол эле учурда медицина тармагында проблемалар дагы деле бардыгын кошумчалады. Путин өлкөнүн агрардык өнөр жайы быйыл 17 млрд. долларга продукция экспортко чыгарарын, бул тармак өлкөнү багып жатканын айтты.

Орусия президенти Конституцияга ылайык жыл сайын Федералдык жыйынга өлкөдөгү абал жана тышкы саясат боюнча маалымат берет. Владимир Путиндин кайрылуусу Кремлдин Георгиевск залында болду. (AiT)

XS
SM
MD
LG