Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

2-декабрдагы аба ырайы


Апта ичинде жылый баштаган күн 4-декабрга карата кескин өзгөрөт. Республиканын көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болот, тоолуу аймактарда кар күрткүсү чогулат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы бир кыйла ыңгайсыздыктарды алып келет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15 жылуу.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8 суук.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 9…14 градус жылуу.

Баткен облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14 градус жылуу.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градус жылуу.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу.

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8 суук.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -6…-11градус суук.

2-декабрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 0…2°, күндүз 13…15° жылуу.

XS
SM
MD
LG