Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Жалал-Абадда камакта көз жумган адамдын окуясы иликтенүүдө


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жалал-Абад шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында 29-ноябрда көз жумган 60 жаштагы жарандын окуясы иликтенүүдө. Соттук-медэкспертиза тыянагы анын жүрөк оорудан жан таслим болгонун көрсөткөн.

Айрым агенттиктер маркумдун денесинде ур-токмоктон калган издер табылганын кабарлашкан эле. Бирок Кыйноолорго каршы күрөш боюнча улуттук борбордун Жалал-Абаддагы өкүлү Алишер Эрматов муну четке кагып, ал жүрөгү кармап каза болгонун билдирди:

-Ошол күнү эле шаардык прокуратура териштирүү баштады. Биз соттук-медициналык экспертизага катышып, маркумдун жүрөгүнүн жарымы кургап калганына күбө болдук.

Маркум жергиликтүү тургун, мурда кант диабети менен жабыркап келген. (SE)

XS
SM
MD
LG