Бириккен Улуттар Уюмунун маалымты боюнча, ал коридорлор аркылуу 400дөй оорулуу адамды жана жарадар болгондорду эвакуациялоо каралууда. Бул тууралуу БУУнун Сириядагы гуманитардык миссиясынын башчысы Ян Эгеланн 1-декабрда БУУнун Сирия боюнча өкүлү Стефан де Мистура менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Эгеланндын айтымында, оппозициянын карамагындагы аймактагы 150 миңдей кишиге азык-түлүктү Сириянын өкмөттүк күчтөрү көзөмөлдөгөн тараптан алууга болот. Стефан де Мистуранын маалыматы боюнча, өкмөттүк күчтөрдүн Алепподогу акыркы чабуулдарынан кийин шаардын чыгыш бөлүгүн 27 миңдей киши таштап кетти. (AiT)