Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

Таластагы биолабораториянын курулушу токтоп турат


ЕАЭБнын алкагында ачыла турган Таластагы биолабораториянын курулушу каражаттын жоктугунан токтоп турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" мекеменин бригадири Байдылда Умаров билдирди. Анын айтымында, эки ай мурун башталган объектти бүтүрүү үчүн 1 млн 200 миң сом керек. Акчаны тез арада которбосо жумуш таштоого туура келет.

Байдылда Умаровдун айтуусунда, Таластын Кара-Буура районундагы лаборатория ишке берилсе, жергиликтүү ишкерлер товарын экспорттоо үчүн сертификат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөк.

Ал эми райондун агрардык өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси Самар Усеновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бюджетте акча жок болгондуктан иш солгундай түшкөн. Анын айтуусунда, Айыл чарба министрлиги декабрь айынын сметасы менен акча которуларын билдирген. (AlS)

XS
SM
MD
LG