Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Трамп коргоо министрин тандады


Дональд Трамп генерал Жеймс Мэттис менен.
Дональд Трамп генерал Жеймс Мэттис менен.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Коргоо министрлигине пенсиядагы генерал Жеймс Мэттисти тандады. Мэттис кескин билдирүүлөрү жана Ирак менен Ооганстанда жүргөн операциялардагы жеңиштери менен белгилүү.

Трамп бул чечимин Синсиннатидеги жыйында жарыялады. 66 жаштагы Мэттис 2001-жылы АКШ аскерлери Ооганстанга киргенде жана 2003-жылы Иракта Саддам Хусейндин режимин кулатууда деңиз флоту боюнча жооптуу адам болгон.

2004-жылдагы эң кандуу кармаш деп мүнөздөлгөн Ирактын Фаллужа шаарын бошотуу операциясында АКШ күчтөрүн жетектеген. Мэттис 2013-жылы куралдуу күчтөр тармагынан кеткенден кийин президент Барак Обаманын Жакынкы Чыгыштагы саясатын кескин сындоого өткөн. Ошондой эле Иранга жана Орусияга каршы бекем турууну колдогон.

Кескин билдирүүлөрү менен таанымал Мэттис Конгрессте чоң колдоого ээ болот деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG