Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Бишкектеги мектептер 12-декабрга чейин карантинге жабылды


Окуучуларга кезектеги каникул.
Окуучуларга кезектеги каникул.

Сасык тумоонун күч алып жатканына байланыштуу борбор калаанын мектептерин толугу менен 12-декабрга чейин карантинге жабуу чечими бүгүн Бишкек мэриясынын координациялык комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Жыйында Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Бишкектеги сасык тумоо боюнча жүргүзгөн мониторингинин корутундусу угулду. Ага ылайык, быйылкы жылы борбор калаада сасык тумоонун адаттан тыш жайылуусу байкалды. Маалыматтар боюнча, 4 жашка чейин наристелердин 41,3%, 5 жаштан 14 жашка чейинки балдардын 25,5% сасык тумоого чалдыккан. Учурда баш калаадагы мектептерде балдардын катышы кескин төмөндөп, айрым мектептерле 20% ашпай жатат.

Буга байланыштуу борбор калаанын мектептеринде сабакты 5-декабрдан 12-декабрга чейин токтотуу чечими кабыл алынды. Ал эми бала бакчалардын үстүнөн көзөмөл жана мониторинг уланууда.

Үч күн мурун сасык тумоонун жайылуусунан улам, Бишкектеги 5 мектеп 5-декабрга чейин карантинге жабылган болчу. Ошол эле күнү андай мектептердин саны 9га, бир күндөн кийин жыйырмага жеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG