Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

Өзбекстан: президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланат


Өзбекстандагы президенттик шайлоо.
Өзбекстандагы президенттик шайлоо.

Өзбекстан Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 4-декабрда өткөн шайлоодо 18 миллионго чукул адам добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 87,83 пайызын түзөт. Байкоочулар жарандардын көпчүлүгү саясий активдүүлүгүн көрсөткөнүн айтып жатышат. Шайлоого көз салган орусиялык журналист Виктория Панфилова элдин көбү Шавкат Мирзиёевге добуш бергенин жашырбады деп “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Мен шайлоочулар менен баарлаштым. Алар жаңы жетекчиден өзгөрүүлөрдү күтүп жатышат. Ошол эле учурда жаңы президент Ислам Каримов баштап кеткен ишти улантышы керек деген пикирлерин айтышты. Мындан тышкары эл орто жана чакан бизнеске мүмкүнчүлүк берилишин, ачык-айкындуулукту каалайт экен, – деди Виктория Панфилова.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын бүгүн түштөн кийин жарыялайт. Шайлоодо президенттик кызмат үчүн төрт талапкер ат салышты. Алар - быйыл сентябрда Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан бери президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Шавкат Мирзиёев, Элдик демократиялык партиядан Хатамжон Кетманов, Улуттук кайра жаралуу демократиялык партиясынан Сарвар Отамуратов жана Адилет социал-демократиялык партиянын атынан Нариман Умаров. (NT)

XS
SM
MD
LG