ТАСС маалымат агенттигинин кабарлоосу боюнча, Су-33 учагы “Адмирал Кузнецов” кемесине конуу учурунда кырсыкка учураган. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында, учкуч аман-эсен экени айтылат.
Су-33 конуп жатканда илинип токтотуучу трос үзүлүп, учак деңизге кулаган. Ноябрь айында мына ушуга окшош эле жагдайда “Адмирал Кузценовдо” Миг-29 учагы кырсыктаган эле. Орусиянын учак алып жүрүүчү крейсери Сириядагы операцияга катышуу үчүн Жер ортолук деңизге барган. (AiT)