Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Референдумда жеңилген Ренци кызматтан кетет


Конституциялык реформага жок дегендер 60% ашып, жактагандар 40% түздү.

Италиянын премьер-министри Маттео Ренци конституциялык реформа боюнча референдумда жеңилгенин моюнга алып, кызматтан кетерин жарыялады. Эми эрте парламенттик шайлоо өткөрүлсө, популисттик оңчул партиянын бийликке келиши ажеп эмес. Азыркы оппозициянын эмки шайлоодогу ыктымал ийгилигин аналитиктер «брекзит» жана Дональд Трамптын жеңиши менен салыштырып жатышат.

1948-жылы кабыл алынган Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан күчтөрдүн башында «Беш жылдыз» деген популисттик оңчул партия турат. Алдын ала жыйынтыктар белгилүү болоору менен алар жеңишин майрамдап жатышат.

Баш мыйзамды реформалоонун демилгечиси өкмөт башчы Маттео Ренци болсо утулганын моюнга алды жана буга чейинки убадасына туруп, кызматтан кетээрин жарыялады:

- Өзгөртүүлөргө «жок» дегендер ишенимдүү жеңди. Алардын лидерлерин куттуктайм. Италиянын жана италиялыктардын кызыкчылыгында жакшы иштешет деп ишенем.

Сержо Маттарелла
Сержо Маттарелла

Өкмөт башчылыкка 2014-жылдын февралында келген Ренци парламенттин Жогорку палатасы – Сенаттын курамын жана ыйгарым укуктарын кыскартууну жана өкмөттүн ролун күчөтүүнү сунуш кылган. Премьер бир палаталуу парламент мыйзамдарды талкуулап кабыл алууда эффективдүүрөк болот деген көз карашты жактайт. Ал эми бул сунушка каршы болгондор реформа өлкөнү башаламандыкка кептейт деген пикирде.

Президент Сержио Маттарелланын эми эки жолу бар. Жаңы өкмөт курууну кайра эле Ренциге же парламенттик көпчүлүктөгү башка саясатчыга тапшырып, же болбосо эрте шайлоо жарыялашы мүмкүн.

Бир катар партиялар, анын ичинде улутчул Түндүк Лига жана «Беш жылдыз» кыймылы кезексиз шайлоону жакташарын айтып келатышат. Бирок добуш берүү шайлоо жөнүндөгү мыйзам өзгөртүлмөйүнчө өткөрүлбөйт. Документти ушу тапта парламент карап жатат. Үстүбүздөгү аптадан тарта кезектеги техникалык өкмөт дайындалууга тийиш. Жаңы премьер беш жылдын ичиндеги бешинчи өкмөт башчы болуп калмакчы.

Беппе Грилло
Беппе Грилло

Мурдагы куудул Беппе Грилло жетектеген «Беш жылдыз» кыймылы салттуу саясий партияларга гана эмес, Европа биримдигинин азыркыдай иш алып баруусуна каршы, Италиянын еврозонадан чыгышына ыктайт. Шайлоонун эмки жылдын башында уюштурулушун каалайт.

Референдумдун алдында жарык көргөн сурамжылоолор көргөзгөндөй, популисттик кыймыл Ренцинин Демократиялык партиясынан кийинки экинчи саясий күч.

Салттуу оңчулдар, жогоруда айтылган улутчул Түндүк Лига, «Беш жылдыз» кыймылы жана башка бир топ саясий партиялар Ренци сунуш кылган реформага каршы үгүт жүргүзүп, өкмөт башчыга өтө көп ыйгарым укуктар берилерине караманча каршлыгын билдирип келишкен.

Азыркы оппозициянын эмки шайлоодогу ыктымал ийгилигин аналитиктер «брекзит» жана Дональд Трамптын жеңиши менен салыштырып жатышат.

Биринчилерден болуп Ренцинин отставкасын Франциянын президенти Франсуа Олланд комментарийлеп, премьерге жылуу сөздөрүн жолдоду жана Италия азыркы кырдаалдан чыгууга кудуреттүү деп ишенерин билдирди.

Мануэл Валлс
Мануэл Валлс

Франциянын өзүндө да өкмөт башчы Мануэл Валлс кийинки жылы өтчү президенттик шайлоого социалисттердин атынан ат салыша турган талапкерди иргеп алуучу ички партиялык жарышка катышуу үчүн кызматтан кетерин жарыялайт деп айтылды.

Италиядагы өнөктүктүн жыйынтыгы белгилүү болоору менен евронун курсу былтыркы жылдын март айынан бери эң төмөн чекке түшүп кетти. 1 евро 1 доллар 5 центке сатылып жатты.

Бирок Австриядагы президенттик шайлоодо ашынган улутчул талапкер утулуп калгандан кийин биржалардагы олку-солку бир аз басаңдады.

XS
SM
MD
LG