Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:11

"Өчпөс отто" картошка бышыргандар аныкталды

Жеңиш аянты.
Жеңиш аянты.

Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" картошка бышыргандардын тек-жайы Бишкек мэриясынын арызынын негизинде аныкталды. Алар ошол жерге жакын унаа токтотуучу жайда иштегендер экенин милиция кабарлады. Азырынча кармалыша элек. 

29-ноябрда жигиттер аталган жерде картошка бышырганы тартылган видео тараган.

Калаа жетекчилиги элде терс маанай жараткан бул окуяны иликтөөнү суранып күч органдарына кайрылган. Тасмадагылардын тек-жайын аныктоого Свердлов райондук милициясы киришкен. 

"Өчпөс от" Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун элесине орнотулган. 

XS
SM
MD
LG