Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери маңзатка каршы күрөшүү боюнча долбоордун алкагында Москвада кесиптик даярдык курсунан өтүштү. Бул долбоорду Орусия, Жапония, БУУнун Маңзат жана кылмыштуулук башкармалыгы 2012-жылдан бери ишке ашырып келет.
Орус Тышкы иштер министрлиги Ооганстандан Борбор Азия өлкөлөрүнө, Орусияга маңзат ташуу күчөгөнүн билдирген. Ошондуктан, бул чөлкөмдөн адистерди долбоорго тартып, окутуу сунушу жактырылган.
20-ноябрдан 4-декабрга чейин уланган окууда Кыргызстандан Уранбек Шамырканов, Замир Алымбаев жана Мурат Мамбеталиев аттуу милиция кызматкерлери квалификациясын жогорулатышты. Ошондой эле Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан адистер курска катышты. (LzT)