Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев 6-декабрда өкмөттө өткөн жыйында билдирди. Анын айтуусунда, сасык тумоо жана жугуштуу инфекциялар менен жабыркагандардын 64 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Быйылкы жылдын он айында өткөн жылга салыштырмалуу оору 5,8 пайыз жогорулаган.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова сасык тумоо жана жугуштуу инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды. Сасык тумоо күчөп кеткенине байланыштуу Бишкек шаарындагы бардык мектептер, бала бакчалар 12-декабрга чейин жабылган. Ал эми жалпы республика боюнча 141 мектепте окуу токтогон. Өлкө аймагындагы карантиндин мөөнөтү жер-жерлердеги эпидемиологиялык абалга көз каранды. (NT)