Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, 6-декабрда кыргыз-казак чек арасындагы "Кайыңды-темир жол" көзөмөл бекетинен радиациялык көрсөткүчү жогору жүк кармалган. Текшерүү учурунда радиациянын деңгээли 0, 32 мкзв/с түзүп, кадимки көрсөткүчтөн ашып кеткени аныкталган. Таш тегирмен, кыш, бүркүүчү кургаткыч салынган 37 тонна жүк Казакстан аркылуу Кытайдан Кыргызстанга ташылып келе жаткан. Чек арачылар аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп беришти. (NT)