Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Сузакта бир үйдөн үч кишини өлтүрүп кетишти

Сузакта бир үй-бүлөдөн үч кишини өлтүрүүгө шектелген адам өз жанын да кыйганын күч органдары кабарлады.

Окуя 7-декабрга караган түнү Сузак районуна караштуу Беш-Мойнок айылында болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Өзгөн районунун тургуну мурдагы аялынын үйүнө барып, келинди жана анын ата-энесин жүрөк тушка бычак сайып, өлтүрүп кеткен.

Кылмыш жасаган адам Өзгөндүн Ана-Кызыл айылынын тургуну. Ал Сузактагы окуядан соң үйүнө баратып, жолдо өзүнүн да жүрөгүнө бычак сайган. Ооруканага жетпей каза болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG