Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:12

Бишкектеги аварияда аскер өкүлү набыт болду


Бишкекте жол кырсыгында №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер набыт болду. Дагы бир жоокер жараат алып, ооруканага түштү. Аварияда жабыркаган башка адамдарга да медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Алардын саны айтыла элек.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан билдиришкендей, автокырсык 7-декабрда Аалы Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрү кесилишкен жерде болгон. Окуя боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө жасайт.

Патрулдук милиция дагы авариянын чоо-жайын териштирүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG