Ысык-Көлдүн Түп районунда кыйноого шектелген милиционерлерге кылмыш иши козголду. Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, тартип сакчылары тарабынан жергиликтүү тургундун денесине зыян келтирилгени аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Кыйноо” беренеси менен тергөө жүрүүдө.
Прокуратурага кайрылган аялдын арызында жазылгандай, 22-ноябрда анын уулун райондук милициянын кызматкерлери күч колдонуп, коркутуп алып кетишкен. Натыйжада уулу аймактык ооруканага жатып калган.
Кыйноолорго каршы улуттук борбордун изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда тергөөнүн 84,8 пайызында кыйноо колдонулуп, тартип сакчылары шектүүгө күнөөнү моюнга алдырууга аракет жасашат.
Буга чейин мындай кылмыш менен айыпталган бир канча милиционерлер соттолушкан. (SE)