Катаал аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош жолунда каттап жаткан жүк ташуучу унааларга 7-декабрдан тарта чектөө киргизилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Чектөө аба ырайы жакшырганда гана алынат.
Синоптиктер 9-декабрга чейин Кыргызстанда жаан-чачын болорун, тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу жогору экенин эскертүүдө. (SE)