Борбор Азия жана АКШ кызматташтыгы боюнча кезектеги сүйлөшүү 7-декабрда Германиянын Гамбург шаарында өттү. Аталган чөлкөмдүн жана Вашингтондун тышкы саясат боюнча өкүлдөрү диний коопсуздук, экономика жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча 2017-2018-жылда бирге ишке ашыра турган жумуштарды талкуулашты.
Тышкы иштер министрлиги С5+1 форматындагы жыйынга Кыргызстандан министр Эрлан Абдылаев катышканын маалымдады. Сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат бериле элек. (SE)