Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:37

Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түштү

Бишкек-Ош жолунун Жайыл районундагы аймагына (Чүй облусу) узундугу 120, бийиктиги бир жарым метр кар көчкү түштү. Окуя бүгүн саат 11:40да болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктан жабыркагандар жок экенин билдирди. Тазалоо иштерине алты техника тартылды.

Катаал аба ырайына байланыштуу аталган жолдо жүк ташуучу унааларга 7-декабрда тыюу салынып, чектөө бүгүн алынган эле.

Синоптиктер тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу 9-декабрга чейин сакталарын эскертүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG