Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:55

Ош: Шайлоо участогунда сканер иштебей калган он учур катталды

Добуш берүү.
Добуш берүү.

Бул тууралуу ош шаардык паспорт виза депортаментинин башчысы Ринат Алиев билдирди. Анын айтуусунда, мунун баары дароо ондолуп ишке киргизилип жатат. Ринат Алиев сканерлер атайлап бузулуп жатат деген пикирлерди негизсиз деп эсептейт.

Ал эми көз карандысыз байкоочулар шаар бийлиги шайлоого аралашып жатат деп нааразылык билдирүүдө. Алардын бири, Гүлгакы Мамасалиева шайлоочуларды мэрия унаа менен ташып жатканын ырастады. Анын айтуусунда, эки кичи автобус элди шайлоо участкаларына акысыз ташып жатат. Шаар бийлиги азырынча бул дооматка эч кандай жооп бере элек.

Ош шаарында 132 600 шайлоочу бар. Алар 73 шайлоо участогунда референдумга добуш берүүдө.(YI)

XS
SM
MD
LG