Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:28

Молдова байкоочусу: Техника иштебей калышына аба ырайы себеп болду


Кыргызстанда бүгүнкү добуш берүү маалында айрым жерлерде техника иштебей калып жатышына аба ырайы да себеп болууда. Мындай пикирин бүгүн Боршайкомдо өткөн маалымат жыйынында Молдова республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Максим Лебединский билдирди.

"Техника деген техника. Ал бузулуп калышы ыктымал. Эгер шайлоо азыркыдай суукта эмес, жайында өтсө жеңилирээк болмок. Техниканы бир температурадан башка жерге которгондо иштебей калышы мүмкүн. Бирок бул негизги маселе эмес. Эң маанилүүсү - бул адамдардын шайлоо системасына карата болгон ишеними" деди Лебединский. (RK)

XS
SM
MD
LG