Бүгүнкү шайлоо жана референдум күнү Кыргызстанда коомдук тартипти жана коопсуздукту бузуу фактылары катталган жок. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.
Орозалиевдин белгилешинче, саат 17:00гө чейин жалпысынан шайлоо мыйзамдары бузулган 16 факт катталды. Алардын 12 Бишкекте, 2 Чүйдө, 2 Жалал-Абадда.
Катталган фактылардын 3 - добуш сатып алуу, 4 - элди ташып келип добуш бердиртүү, 3 - мыйзамсыз үгүт жүргүзүүгө байланыштуу. (RK)