Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:15

Преднистровье жумуриятындагы шайлоону Молдова тааныбайт


Преднистровьедеги шайлоочу.
Преднистровьедеги шайлоочу.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Преднистровье жумуриятында өтүп жаткан шайлоону Молдова мыйзамсыз деп кескин айыптады. Бул добуш берүүдө аймактын лидерлигине алты талапкер ат салышууда.

Эгер талапкерлердин бири да тиешелүү 50 пайыз добуш жыйнай албаса, шайлоонун экинчи айлампасы 25-декабрда өтөт.

Приднестровье жумурияты 1992-жылкы Кишинев менен болгон кыска мөөнөттүк согуштан кийин өзүн Молдовадан күнкорсуз деп жарыялаган. Аймактагы 600 миң чамалуу элдин көпчүлүгү орус тилдүүлөр. Приднестровьенин парламенти 16-апрелде Орусияга кайрылып, региондун төбөлсүздүгүн таанууну жана жумуриятты өз курамына кошуп алууну өтүнгөн. Ошол эле маалда жикчил жумурияттын эгемендигин таануу жөнүндөгү кайрылуу Улуттар Уюму менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна дагы жөнөтүлгөн. Азыр Преднистровье аймагында Орусиянын 1400 аскери "бейкуттукту коргоочулар" деген макам менен жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG