Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:37

Таластагы бир добушканада шайлоо уланууда


Кыргызстанда эреже боюнча бардык шайлоо участкалары кечки саат сегизде жабылганына карабай, Талас шаарындагы №112 добушканада өнөктүк уланууда (кечки саат тогуздагы маалымат). Аталган участка №9-мектепте жайгашкан.

Жергиликтүү кабарчыбыздын айтымында, шайлоочулардын аягы сууй элек. Шайлоо комиссиясынын түшүндүрмөсүнө ылайык, күндүз техникалык мүчүлүштүктөр болгондуктан, добуш берүү узартылган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы бул маалыматты бир аз мурда четке каккан.

Акыйкатчы институту өлкө аймагында бүгүнкү добуш берүү жараяны боюнча жүргүзгөн байкоосунун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Мекемеден кабарлашкандай, нааразылык билдирген шайлоочулардын да, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн да эң көбү техникалык үзгүлтүккө учуроолор болгонун айтышкан. (AlS\SE)

XS
SM
MD
LG