Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Стамбулдагы жардыруулардын жоопкерчилигин күрт согушкерлери алды


Стамбулдагы эки жардыруунун жоопкерчилигин Күрт жумушчулар партиясынын бөлүмү өзүнө алды. Калабадан 38 адам набыт болуп, жүздөн ашуун киши жарадар болду.

Быйыл бир канча теракт жасаган «Күртстан эркиндигинин шумкарлары» уюму ишембинин кечиндеги жардырууларды уюштурганын билдирди.

Жардырууларга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев Түркия мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.

Кандуу калабадан кийин Түркияда бир күндүк аза күтүү жарыяланды.

Кош жардыруу 10-декабрда кечинде Стамбул шаарында "Бешикташ" менен "Бурсаспор" футбол командаларынын беттеши бүткөн маалда "Водафон Арена" стадионунун тегерегинде болгон.

XS
SM
MD
LG