Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:44

Кыргызстанда улуттук адабият күнү белгиленүүдө


Доорубуздун көркөм сөз чебери Чыңгыз Айтматов (1928 - 2008).
Доорубуздун көркөм сөз чебери Чыңгыз Айтматов (1928 - 2008).

Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Анын урматына арналып 12-декабрь - Кыргызстанда улуттук адабият күнү деп жарыялаган. Анын алкагында Бишкекте “Улуттук адабият жумалыгы" уюштурулду. Бир апта ичинде акын-жазуучулар менен жолугушуулар, адабий кечелер, балдар китептерине арналган жармаңке, республика боюнча башталгыч класстардын окуучуларынын арасында "Бирге китеп окуйбуз" аттуу акция, жомок каармандарынын сүрөттөрүн тартуу боюнча сынак өттү.

Ошондой эле өлкөдөгү коомдук китепканаларда жана бардык мектептерде улуттук адабиятты жайылтуу максатында «Мектеп китепканасына китеп белек” иш-чараcы болду. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, АКШ элчилиги жана USAID уюму биргеликте уюштурган иш-чара бүгүн Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу менен аяктайт.

Мындан тышкары бүгүн кечке жуук Бишкек Парк соода борборунда 100гө чукул жаштар флэшмоб өткөрүшөт. (NT)

XS
SM
MD
LG