Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Кызыл-Сууда "Айтматов Кытайда" деп аталган иш-чара өтүүдө


Чыңгыз Айтматов профессор Рысбек Абдылдаев менен.
Чыңгыз Айтматов профессор Рысбек Абдылдаев менен.

Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Улуу-Чат аймагында бүгүн «Айтматов Кытайда» деп аталган иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу кытайлык кыргыз илимпозу, профессор Макелек Өмүрбай "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, эки күндүк иш-чарага Айтматов таануучулар катышууда.

Саамалык 12-декабрь - Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулган. Анда залкар жазуучунун чыгармаларынын которулушу, изилдениши, кытай адабиятына тийгизген таасири талкууланат. Айтматовдун чыгармаларын изилдеген макалалар, китептерди чогултуп, кыргыз тилинде атайын жыйнак даярдоо үчүн топ түзүлөт. Ошондой эле «Энцкилопедиялык сөздүк» түзүү маселеси чечилет.

20-кылымдын 60-жылдарынан баштап Кытайда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары кытай, уйгур, моңгул, казак, кыргыз тилдерине которулуп, басмадан чыккан.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында жарыкка келип, 2008-жылы 10-июнда көз жумган. 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабият күнү деп жарыяланган. Бул күнү кыргыздын дагы бир улуу акыны Алыкул Осмонов дүйнө салган. (NT)

XS
SM
MD
LG