Кыргызстанда 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум учурунда милиция 27 мыйзам бузууну аныктады. Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, көп мыйзам бузуулар Бишкек шаарына тиешелүү. Калаада беш, Чүй облусунда эки жолу добуш сатып алуу аракети орун алды. Ошондой эле башкалаада үгүт материалдарын жок кылууга байланышкан үч, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда бейбаштык боюнча бир факты катталды. Бишкекте мыйзамсыз үгүт жүргүзгөн жети учур, шайлоочуларды ташыган төрт учур аныкталды. Ошто шайлоочуларды ташыган бир факты катталды. Бишкекте төрт, Чүй облусунда эки жолу шайлоочулардын укугун бузган учурлар да болду. (NT)