Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:25

"Бир дүйнө": шайлоо жабдууларынын бузулганына арыз көп түштү


Добушкана.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум учурунда "түз байланышка" түшкөн арыздарды жарыялады. Маалыматка караганда, негизинен жарандар жабдуулардын жана электрондук үкөктөрдүн иштебей калганына, шайлоого катышууга керектүү документтерге байланыштуу арызданышкан. Ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин студенти мугалимдер мажбурлоо менен чогултуп, шайлоого баргыла дегенин жана барбагандар менен алдыдагы сессия маалында эсептешерин айтканын кабарлаган.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын юристтери 5-декабрдан бери 0312 317671, 0778 985271, 0551 961861 номурларында "түз байланыш" аркылуу шайлоочуларга кеңеш берүүдө. Бул кызмат 18-декабрга чейин иштейт. (NT)

XS
SM
MD
LG