Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:31

Македониядагы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, бийликтеги партия (VMRO-DPMNE) аз айырма менен оппозициялык Социал-демократтар партиясынан озуп чыкты. Бюллетендердин 98 пайызы саналып бүтүп, алардын жыйынтыгы менен VMRO партиясы 37,96 %, социал-демократтар 36,65% добуш алды.

Натыйжада 126 мандаттуу парламентте бир дагы партия көпчүлүккө ээ болбой калды. Бирок эки тарап тең жеңишке жеткенин жарыялашты.

Македониянын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 60 пайызы добуш бергенин билдирди.

XS
SM
MD
LG