Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:52

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, Конституцияны өзгөртүү боюнча жалпы элдик добуш берүүгө Москва шаарында - 213, Екатеринбургда - 43, Новосибирскте - 20, Петербургда - 50, Красноярскиде – 20, Владивостокто - 65 жаран келди. Москвада добуш бергендердин 152си Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдосо, 60 чамалуусу каршы болду.

Буга чейин элчилик Орусияда референдумга катыша турган 7427 атуулдун тизмеси такталганын кабарлаган. Анын төрт жарым миңден ашууну Москва шаарында жана Москва облусунда экени айтылган. Расмий маалыматка таянсак, Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 600 миңге чукул. Бирок алардын саны бейрасмий миллиондун тегерегинде экени айтылып жүрөт. (LzT)

XS
SM
MD
LG